Ошондо күнөөнүн бары мендеби?!
Мойнума илип койгуң келеби?!
Сен болсо периштедей таптаза
Купкургак суудан чыккың келеби
Сен билбейсиң менин, сен билбейсиң ичимдеги сезимди
Сен түшүнбөйсүң менин, түшүнбөйсүң менин кебимди
Сенде да бар чындык, менде да бар чындык
Сенде да бар чындык, менде да бар чындык
Укугум жок сага милдет кылыштын
Укугум жок сага милдет кылыштын
Сен деле бирөөнүн кызысың
Эгерде сезимдер соолукса, керекпи бакырып уруштун?!
Керекпи анда сүйүштүн?!
Керекпи сөздү угуштун?!
Мага кереги жок ойду бузуштун
Сага милдет эмес сөзгө туруштун
Жаш бала эмесмин оюнду ойногондой
Оңго-солго салып мээмди чайкагандай
Мен жаш бала эмесмин оюнду ойногондой
Оңго-солго салып мээмди чайкагандай
Ошондо күнөөнүн баары мендеби?!
Мойнума илип койгуң келеби?!
Сен болсо периштедей таптаза
Купкургак суудан чыккың келеби?!
Сен билбейсиң менин
Сен билбейсиң ичимдеги сезимди
Сен түшүнбөйсүң менин
Түшүнбөйсүң менин кебимди
Сен мени дагы эле унутпай эле балким жүргөндүрсүң
Өткөндү эстеп, өкүнүп эстеп балким жүргөндүрсүң
Сен мени дагы эле унутпай эле балким жүргөндүрсүң
Өткөндү эстеп, өкүнүп эстеп балким жүргөндүрсүң
Мойнума минип алгың келеби?!
Мойнума минип алгың келеби?!
Мойнума илип койгун келеби?!
Сен болсо периштедей таптаза
Купкургак суудан чыккың келеби?!